Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Апкан айылында айылдык китепкананын жа ң ы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен райондук маданият бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, имараттын ачылыш аземине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Кызжибек Бакытбековалар катышып, айыл тургундарын жаңы китепкананын ачылышы менен куттуктап, китепкана жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөрүн белгилеп өтүштү.
Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандык руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын, Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгынын алкагында уюштурулду.
Китепкананын ачылуу аземи концерттик программа менен коштолуп, бул күнү элет калкына майрамдык маанай тартууланды.
Эске сала кетсек, окуу залы 20 орунга ылайыкташтырылган, 10 миңден ашуун китепти сактоого мүмкүнчүлүгү бар, бардык шарттар түзүлгөн бул китепканага Чүй областынын Жайыл району тарабынан 585 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 415 миң 200 сом каралып, жалпы суммасы 1 млн 200 сомго бүткөрүлгөн.