Баткенде жылына 50 чакырымга чейин жолдорго асфальт төшөлүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

2023-жылы республикалык бюджеттен облустун жол куруу тармагында 48,2 километр жолго асфальт, 84 километр жолго шагыл төшөлүп, 734 млн 300 миң сомдук иштер аткарылган.
Быйылкы жылы мамлекеттик бюджеттен Баткен облусунда 40км жолго асфальт төшөө пландалган.
Анын ичинде Боз-Адыр-Баткен, Кызыл-Бел-Достук, Айгүл-Таш-Согмент, Самат-Замбуруч-Жаркыштак жолдору бар.
Мындан сырткары быйылкы жылы япон грантынын эсебинен Баткен облусуна 43 жол техникасынын берилүүсү жана бир асфальт заводунун курулушу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, республикалык бюджеттен сырткары жолдорду асфальттоо иштери жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдүн жана элдик ашар жолу мененда жасалууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *