Баткенде жолбун ит төрт адамды тиштеп, алар ооруканага түштү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Маалыматты бизге Ветеринардык кызматтын Эпизоотия бөлүмүнөн тастыкташты. Окуя 13-октябрда, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Чет Кызыл айылында болгон.

Ит тиштегендердин бири чоң адам, үчөө балдар экени (3, 7 жана 11 жашта) маалым болду.

“Жеринде ветеринарлар иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Иттин ээси, ал эмне себептен бошонуп кеткени такталууда. Ошондой эле иттин өзү кутурма менен ооруп-оорубаганын аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү”, — деп билдиришти Эпизоотия бөлүмүнөн.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *