Баткен шаарында “Өспүрүм” аталышында профилактикалык иш-чара өткөрүлүп, укук бузгандарга айып пул салынды. Бул туралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой Баткен ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү шаардык мэриянын, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Баткен шаарынын аймагында жайгашкан көлмөлөрдө, каналдарда сууга түшүп жаткан жарандарга, жаш балдарга эскертүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймактарды текшерип, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча алдын алуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 5 протокол толтурулуп, айып пул салынды.