Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

23-июнда жааган нөшөрлүү жамгырдан улам Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү.
Сел суулары жалпы облус боюнча 16 турак үйдүн короосуна, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 2 мал сарайга кирген.
Ошол замат ӨКМ жергиликтүү башкармалыктарынан ыкчам топтор тартылып, турак үйлөр сел сууларынан тазаланды.
Сел 3 баш бодо мал, 14 баш майда малды агызып кеткен.
Ошондой эле 19340 метр ички чарбалык жолго, 1100 метр унаа жолуна, 6000 метр ички чарбалык арыктарга, 4000 метр сай жээгине, 50сотых эгин талааларына зыянын тийгизген. Жолдор сел калдыктарынан тазаланып, учурда унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылды.
Мындан сырткары 5 даана бетон шакекче, 2 даана газ түтүкчөнүн тирегичи, Хова техникасы менен “Тибет-Ажу” кирпич заводунун печкасы жана кирпичтери жабыркаган.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасынын негизинде сел келген аймактарда ыкчам иш аракеттер жүрүүдө.
ӨКМнин Баткен облусундагы башкармалыгынын ыкчам топтору, Жарандык коргонуу кызматтары менен бирге жеринде иш алып барууда.
Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян келтирген жок.
Селден тазалоо иштери ыйгарым укуктуу өкүлдүн жеке көзөмөлүндө бүгүн дагы уланууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *