Баткенде мунайды кайра иштетүүчү завод ачылат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунай иштете турган завод  ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге өткөн жылдын март айында түрк компаниясы менен кол коюлган.  Заводдун курулуш иштеринин 90%дан ашыгы аткарылды. Мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу сентябрь айынын аягына пландалган.

Учурда 4 мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат.

Завод суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгарат. Инвестициянын жалпы суммасы – 91 миллион доллар. 51 адам иш менен камсыздалган. Завод ишке кирсе 150 жумуш орду түзүлөт.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *