БАТКЕНДЕ МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУДА

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Алгач Раззаков шаарындагы Жаңы конуш, Алтын-Бешик жана Чыгыш көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушуп, 22-апрелдеги селден жабыркаган турак үйлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой тиешелүү кызматтардын башчылары менен биргеликте үйлөргө келген селдин кесепеттерин аныктап, сел жүрүүчү тилкелерге курулуп калган үйлөрдү бузуу, сел каналдарын ачуу иштери менен жеринде таанышты.
Министр алдыда облус аймагында ӨКМ тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында аткарылып жаткан жумуштар менен, Ак-Суу айылындагы каналдын жана Самат айылындагы жөө өтүүчү көпүрө менен, ошондой эле Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын взводу менен таанышат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *