Бүгүн Баткенде “ Кут уялап кулпура бер Баткеним”- аттуу автордук ырлардын райондук туру өтүп жатат. Бул иш чара Баткен районунун 90 жылдыгына карата иш чаралардын алкагында уюштурулууда. Сынакка жалпы 16 мектептен 62 окуучу катышууда. Окуучулар үч жаш курак менен катышып,
7-10 жаштагы окуучулар “Өрүшү кең Өрүкзар”
12-14 жаштагы окуучулар “Мекеним Баткен аймагы, 90 го толгон убагы”
15-17 жаштагы окуучулар “Кут уялап кулпура бер Баткеним” деген темаларда жазган ырлары менен жарышып жатышат.
Сынак эки турдан туруп, тандоо жана финал менен жыйынтыкталат.
Негизги максаты жаштарды Ата Мекенди сүйүүгө, рухий адеп-ахлактуулукка, жаш калемгерлерди аныктоо жана чыгармачылыктарын танытуу, жайылтуу болуп эсептелет.
Мындай иш чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды.