“Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” II Эл аралык инвестициялык форуму өттү








Бүгүн 12-октябрда Баткен шаарында өткөн форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев баштаган мамлекеттик органдардын, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор келишти.
Форумдун башында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сөзгө чыгып, “Баткен- Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашып, кылымдар бою соода-сатыктын, эл аралык мамилелердин жана көргөзмө-жарманкелердин очогу болуп келген. Аймактын экономикалык, инвестициялык, туристтик дарамети жыл өткөн сайын артып жатат” деп, бул иш-чара, келечекте өлкөнүн айыл-чарба продукцияларынын санын, кен байлыктардын корун арттырган мааракеге айланышына тилектештигин билдирди.
Катышуучулар бул иш чараны узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктү бекемдөөгө дагы бир кадам катары баалашты.
Форум Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүүгө багытталып, аймактын инвестициялык жана туристтик потенциалын көрсөтүүгө зор аянтча болду.
Иш чарада айыл чарба, өнөр жай, чакан жана орто бизнес, туризмди өнүктүрүү маселеллери, облусту өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары каралды.
Форум кол коюлган документтердин папкасын алмашуу аземи менен уланды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров Баткен облусуна тартылган инвестициялардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Андан сон “Баткен инвесторлордун көзү менен” деген темада Орусия, Кытай, Түркия мамлекетинен келген инвесторлор сөзгө чыгып,кызматташуу багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат беришти.
Форум донордук көчмө конференциялар, панелдик менен уланууда.





