БАТКЕНДЕ “ИЙГИЛИККЕ КАДАМ” Ill МЕДИАФОРУМУ ӨТҮП ЖАТАТ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткенде Баткен мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Кыргызстандагы медианын өнүгүүсү: кечээ, бүгүн жана эртең” деген темада “Ийгиликке кадам” аталышындагы lll медиафоруму өтүп жатат.
Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Ошондой эле 7-8-сентябрда өтүүчү эки күнгө созулган бул форумга өлкөнүн жети дубанынан келген журналисттер катышып жатышат.
Форумда алгач “Баткен облусуна 25 жыл” темасында видео тасма көрсөтүлдү.
Андан кийин облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, Баткен жергеси касиеттүү улуу жер, эли меймандос, жөнөкөй, баатыр эл экендигин белгилеп, мамлекетти түптөгөн улуу инсандар ушул жерден чыккандыгын белгилеп, аймактардан келген журналисттерге ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коомдогу орду зор экендигин баса белгилеп, журналисттерди Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы менен куттуктап, форумдун ишине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, иш чараны “Журналисттер” коомдук бирикмеси, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты биргеликте уюштурууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *