Баткенде ИИМдин түзүмдөрү үчүн курулган 6 имарат пайдаланууга берилди

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 5-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Баткен облусуна иш сапары менен келип, Лейлек, Баткен районундагы ачылыштарга катышты.
Алгач, Лейлек РИИБдин Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имараты ачылды. Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү мурда бир кабатуу болуп, 15 кызматкер менен иш алып барып жүргөн. Жаны-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү Тажик Республикасынын Канибадам жана Б.Гафуров райондору менен чектешип, 2 айыл өкмөттү, 7 айылды тактап айтканда, 20минден ашуун калкты тейлеп иш алып барып жүрүшкөн. Баткен окуяларында эки жолку куралдуу кагылышууларда бул имаратка ок атылып, жараксыз абалга кептелген. Азыркы учурда бул айылдык милиция бөлүмчөсү заманбап типте 2 кабаттуу курулуп, ичинде кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жаркыраган жаңы имарат жергиликтүү тургундардын, өздүк курамдын катышуусунда ачылып пайдаланууга берилди.
Андан кийин Кулунду айыл аймагындагы Булак-Башы №36 административдик аймактагы таяныч пункту жана №13 административдик аймактагы Ак-Босого айылындагы милициянын аймактык пункттарын ачты. Бул имараттар тен заманбап шартта курулуп, милициянын ыйгарымдуу аймактык өкүлдөрүнүн үй-бүлөлөрү менен жашаганга толук шарттар түзүлгөн. Ачылуу аземинде милициянын үй-бүлөлөрү дагы жаркын маанайда министр Улан Ниязбеков менен жолугуп, ыраазычылыктарын билдирди. Ал эми министр милициянын ыйгарымдуу аймактык өкүлдөрүнүн үй-бүлөлөрүнө Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктап белектерин тапшырды. Ал эми №13 административдик аймактагы Ак-Босого милициянын аймактык пунктунда жылдыздуу жубайлар милициянын ыйгарымдуу аймактык өкүлү милициянын лейтенанты Эргешов Мусабек менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Кадырова Бегайым жашашат. Министр Улан Ниязбеков жубайларга жылуу каалоолорун билдирип, Кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамы менен куттуктап, өзүнүн белектерин тапшырды.
Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Ички аскерлердин 7707 аскер бөлүгүнүн 2-өзүнчө ротасынын имаратынын ачылышына да катышып, ийгиликтерди каалады.
Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имараты буга чейин жергиликтүү айыл өкмөттүн балансындагы имаратта иш алып баргандыктан, бул бөлүмчөгө өзүнчө 10 сотых жер ажыратылып берилип, заманбап, бардык шарты менен курулган 2 кабаттуу имарат ачылды. Имаратта кызматкерлер үчүн спорттук каана, жуунучу жайлар толугу менен курулуп, жасалгаланган. Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Кара-Бак, Суу-Башы жана Төрт-Гүл айыл аймагын тейлеп, жалпысынан 16 айылдын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Ал эми Тажик Республикасынын Исфара районунун 7 айылы менен чектешет.
Иш сапардын аягында Кара-Бак айыл аймагындагы Чоң-Талаа айылында №36 административдик таяныч пункту ачылды. Бул имаратта дагы милициянын ыйгарымдуу аймактык өкүлү жана анын үй-бүлөсү үчүн толук шарттар түзүлгөн.
Бул иш-чарага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, анын орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов, милиция кызматкерлери, коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ар бир аймактагы жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлеринин иши сапаттуу экенин, аларга нааразычылыктар жок экенин билдирип, министр Улан Ниязбековко ыраазычылыктарын айтып, мындан ары да ушундай курулуштар курула берүүсүн билдирди.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *