Баткенде эки типтүү мектеп пайдаланууга берилди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун Кайыңды айылындагы 150 орундуу ” Жусуп Турусбеков” атындагы орто мектеби, Кадамжай районунун Чандеки айылындагы 150 орундуу ” Халмурат Жаныбеков” атындагы орто мектептери ачылып, жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл алууга даяр болду.
Мектептердин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн катышып, ачууга старт берди. Ал эми жеринен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, мугалимдер жана айыл тургундары катышты.
Белгилей кетсек, быйылкы жыл ичинде облуста 12 мектептин курулушун бүткөрүү пландалган.
Мындан сырткары 8 мектепти капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү каралган.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *