Баткенде бир жыл ичинде 29 үй тибиндеги балдар бакчасы ачылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Жыл башынан бери Баткен облусунда 29 үй тибиндеги балдар бакчалары ачылып, 676 бала тарбияланууда.
Бул иш аракет КРнын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, “өкмөттүк акселераторлор” программасынын “КРда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда.
Үй тибиндеги бала бакчаларын ачууга кызыкдар тараптарга, мамлекет тарабынан жеңилдетилген шарттар каралган.
Бала бакча ачкан ишкерлер, биринчи кезекте балдардын саламаттыгына байланыштуу коопсуздук жана санитардык эрежелерин сактоосу зарыл.
Белгилей кетсек, Баткен облусунда мектеп жашына чейинки балдардын 28% бала бакчаларга тартылган.
Облус боюнча жалпы 208 бала бакча бар, анын 176 мамлекеттик, 32 жеке менчик бала бакчалар. Ал эми бала бакча курагындагы балдардын саны 91миңден ашууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *