Баткен шаарындагы талапка жооп бербеген көрнөк-жарнактар алынды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын 1989-жылдын 23-сентябрындагы “Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында түзүлгөн Баткен шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын иш-планына ылайык Баткен шаарынын М.Нургазиев, Ж.Бөкөнбаев жана Сайдиман ажы көчөлөрөндө жайгашкан соода жана кызмат көрсөтүү жайларынын көрнөк-жарнактарынын, жарыяларынын мамлекеттик тилде жазылуусун камсыз кылуу жана архитектуралык талаптардын сакталышы боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейдке Баткен шаарынын мэриясынын, Баткен облустук архитектура жана шаар куруу боюнча башкармалыгынын жана КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясатын боюнча улуттук комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн тийштүү кызмакерлери катышып, жогоруда көрсөтүлгөн көчөлөрдө жайгашкан жеке менчик соода жана кызмат көрсөтүү жайларындагы эскилиги жеткен жана талапка жооп бербеген 36 көрнөк-жарнак жана жарыялар алынып салынып, 13 жеке менчик ээлерине ооз эки эскертүү берилди.
Баткен шаарынын мэриясы эскертет!
Урматтуу Баткен шаарынын аймагында жайгашкан ишкерлер!
Соода жана кызмат көрсөтүү боюнча көрнөк-жарнактарды, жарыяларды чыгарууда жана илүүдө мамлекеттик тил мыйзамын сактап, архитектуралык талаптардын аткарылышын камсыз кылууга чакырабыз.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *