Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактагы Тегирмен-Башы мамлекеттик асыл тукум чарбасына таандык 9 гектар жер аянтына күздүк буудай себилди. Буудайдын дарья сорту мамлекет тарабынан берилген. Аталган чарба кайра бөлүштүрүү фондунан 38 гектар жерди ижарага алып, 1 гектар жер аянтына беде, 18 гектар аянтына буудай, 19 гектарына арпа өндүрөт. Учурда бедени оруп-жыйноо иштери да жүргүзүлүүдө. Бул аракет Тегирмен-Башы асыл тукум эчки чарбасына караштуу тыбыт өндүрүү багытында багылып жаткан уяң жүндүү эчкилердин кышкы тоюту үчүн камдалат.
Белгилеп өтсөк, Баткен шаарынын жалпы аянты 18 миң гектарды түзсө, анын ичинен айдоо аянты 1575 гектар, ал эми 19 гектарына күздүк буудай эгилген.
Эске сала кетсек, Тегирмен-Башы асыл тукум эчки чарбасы 1997-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган чарбадагы эчкинин саны 1848 башка жетип, Баткен шаарынын 14 тургуну туруктуу жумуш орду менен камсыз болгон.
Гүлчехра Тажибаева, «Баткен таңы»