Текшерүүнүн алкагында Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери Баткен шаарындагы Сайдиман ажы жана Нургазиев көчөлөрүндөгү эт сатуучу жайларга рейддик текшерүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Сатуучуларга санитардык милдеттендирмелер берилип, санитардык, ветеринардык талап-эрежелерди сактоо, халат кийүү, медициналык кароодон өтүү, тазалыкты сактоо зарылдыга айтылды. Эгерде контролдук текшерүүгө чейин санитардык милдеттендирмедеги талаптар аткарылбаса мыйзам чегинде 3000сомдон 13 000 сомго чейин айып пул салынары эскертилди.