Баткен шаарында 300 ККМ акысыз берилүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз бере баштады. Бул тууралуу Баткен шаардык мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарына 300 ККМ аппараты берилген. Бүгүнкү күндө ККМ аппараты ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштеген жана патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз берилүүдө. Ошого удаа эле соодагерлерге ККМди кантип иштетүү, чекти чыгаруу ж.б. тууралуу кеңири маалыматтар берилип, ККМдин маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле ККМ алуу үчүн ишкер аймактык салык органына кайрылыш керектиги белгиленди.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *