Шаардын мэри Имамназар Буркановдун буйругунун негизинде Мамасалы Бегалиев Баткен шаардык мэриясынын аппарата башчысы болуп дайындалды.
Жаңы аппарат башчыны эмгек жамаатка шаар мэри Имамназар Бурканов тааныштырды.
Эске сала кетсек, Мамасалы Бегалиев буга чейин Баткен облустук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы болуп да иштеген.