Кызамык жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары, айыл башчылары, айылдык ден соолук комитеттеринин төрайымдары, Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген аппараттык кеңешме болуп өттү.
Алгач Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дыканали Жунусалиев облустагы кызамык оорусу боюнча эпидкырдаал жөнүндөгү маалымат менен бөлүштү.


Кеңешменин жүрүшүндө жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын күчөтүү, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектептерде, бала бакчаларда ата-энелер менен жолугушууларды уюштуруп, эмдөөнүн зарылдыгы боюнча кенен маалыматтарды берүү боюнча тапшырмалар коюлду.
Алдын алуу иш чараларын тиешелүү кызматтар биргеликте жүзөгө ашыруу керектиги айтылды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун калкынын арасында кызамык оорусунун эпидемиялык абалы бүгүнкү күндө курч бойдон калууда.
2023-жыл ичинде облуста 123 учур катталган болсо, 2024-жылда кызамык оорусу менен ооругандар 511 учур катталды. Алардын ичинен лабораториялык жол менен тастыкталгандар 47 учур.
Облустун ар бир район, шаарларындагы санэпид көзөмөл бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жугуштуу оррулардын анын ичинде кызамык оорусун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүп келүүдө.