
Бүгүн, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгы менен удаа эле Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жана Баткен районунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жатат.
Майрамдык салтанат алгач Баткен шаарындагы улуу инсандардын эстеликтерине гүлчамбар коюу менен башталып, өткөндөргө багышталып куран окулду.
Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Өзбек Республикасынын Сох, Риштан райондорунун жетекчилери, районду жетектеген мурдагы акимдер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
Андан соң коноктор борбордук стадиондо улуттук кол өнөрчүлүк, тамак-аш, айыл чарба жана килемчилердин көргөзмөлөрү менен таанышып, салтанаттын расмий бөлүгү ачылды.
Расмий бөлүктө облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков куттуктоо сөзүн сүйлөп, Алтын-Бешик аймагынын тургундарына тынчтык, бакубат жашоо жана ден соолук каалады.

Ал эми Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, өз сөзүндө район аймагындагы жүрүп жаткан иштер, ийгиликтер, саамалыктар жана алдыда аткарылчу максаттарга токтолуп, Баткен районунун өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон бир катар эмгектин алдыңкыларына «Баткен районуна 90 жыл» юбилейлик төш белгилерин тапшырды.
Мааракеге катышып жаткан калган коноктор да район тургундарын майрамдары менен куттукташып, жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.
Салтанаттын жүрүшүндө райондун түптөлүшүнүн тарыхын кыскача чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок коюлуп, Баткен районунун 90 жылдыгына арналган видео тасма көрсөтүлдү.
Соңунда салтанатта белгилүү ырчылардын коштоосундагы чоң концерттик программа тартууланды.
Бул күнү райондун айыл аймактарында ушундай эле салтанаттар белгиленип, бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Баткен району 1934-жылдан баштап, Ош облусунун курамында административдик аймактык бирдик макамына ээ болуп, өзүнчө район катарына тааныла баштаган.























