БҮГҮН БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, саат 4:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк чыгышка, Самаркандык айылынан 18 чакырым түштүк чыгышка, Рават айылынан 26 чакырым түштүк чыгышка, Лейлек районунун Лейлек айылынан 34 чакырым түштүк чыгышка карай белгиленди.

Жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле бул түнү саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *