Баткен облусунан 644 жаран ажылык сапарга жөнөп кетти

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен казыятынан билдиргендей  2024-жылы ажылык сапарга Баткен облусунан 644 жаран  жөнөп кеткен.
Баткен облусунан ажылыкка сапар алган жарандарды узатуу саамалыгына КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, район акимдери жана шаар мэри катышты.
Облус жетекчиси болочок ажыларды мекендин тычтыгы, өнүгүүсү жана элдин бакубат жашоосу үчүн дуба кылууга чакырса, облус казысы ажылыкты шарият көрсөткөн тартипте аткарып, ажы башчылардын аткандарына кулак салууга үндөдү.
“Ажылыкка сапар алган Баткен облусунун тургундары Ош эл аралык аэропортунан Ош-Жидда жана Ош-Мадина багыттары боюнча учушат. Бул жылы Баткен облусунан 644 адам ажылык сапарына аттанды. Аларды 16 ажы башчы коштоп барат”,-деди Нуридин ажы Мамасабиров.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *