КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Юнисеф уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло менен жолукту.
Жолугушууда Юнисеф менен Баткен облусунун кызматташтыгынын алкагында жасалган иш аракеттердин натыйжалары тууралуу сөз болуп, 2025-жылга чейинки кызматташуу планы талкууланды.
Тараптар макулдашылган пландарга ылайык, 2025-жылга чейинки аралыкта, кызамык оорусунун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.
Оорунун алдын алуунун негизги жолу эмдөө болгондуктан, эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери активдешет.
Бул багытта 186 саламаттыкты сактоо кызматкерлер окутуудан өтөт, 5 мобилдик топ түзүлүп иш алып барылат.
Ал эми билим берүү тармагы боюнча, 2024-жылдын июнь айына чейин 1750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтүп, иш алып барат.
Бүгүн 3-апрелде аталган уюм, Баткен облустук Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вакциналарды сактоочу жайында, жаңы муздаткыч бөлмөнү орнотууну аяктады. Бул бөлмө облуста вакциналарды сактоону жана жайылтууну жакшыртат.
Белгилей кетсек, Юнисеф уюму Баткен облусунун аймагында балдардын коопсуздугу, билим берүү, туура тамактануу боюнча иш алып барып келет.
Мугалимдерди окутуу, мектеп жана бала бакчаларды гигеналык каражатар, өрткө каршы шаймандар менен камсыздоо, ажаткана, канализация куруу жана кол кургатуучу санитайзерлерди орнотуу иштери аткарылган.
Былтыр 19 мектепке 164 компьютер берилген. 34 китепканада эрте өнүктүрүү борборлорун ачып, жабдуулар менен камсыздаган.




