БАТКЕН: ОБЛУСТУК ЖЫЙЫНДА ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөн коллегияда социалдык, экономикалык көрсөткүчтөрдүн алты айлык жыйынтыгы чыгарылды. Коллегияны Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев алып барды. Тармактар боюнча өкүлдүн орун басарлары коллегияда маалымат беришти.
Облуста бардык көрсөткүчтөр боюнча өсүүлөр болгон. Бул тууралуу өкүлдүн орун басары Тимур Мадияров коллегияда айтты. Экономикалык өсүүнүн көрсөткүчү болгон салык топтоо 104.3 пайызга аткарылган. Ал эми Баткен облусун өнүктүрүү боюнча жыл сайын мамлекеттен каралуучу 500 млн. сомдун эсебинен 21 долбоорлорго каражаттар бөлүнүп, учурда курулуш иштери район, шаарлардын аймактарында жүрүүдө. Коллегияда облус башчысы облусту өнүктүрүүгө каралган каражатты үнөмдүү пайдаланып, курулуштарды сапаттуу бүткөрүүгө көңүл бурууга чакырды.
Өкүлдүн орун басары Тимур Мадияров кышка карата даярдык боюнча да маалымат берип, Сүлүктү шахтасынан өндүрүлгөн көмүрлөрдүн бааларын туруктуу сактап туруу боюнча тапшырма берди.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *