Баткен областынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын аймагында жайгашкан орто мектептердин 9-11-классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрүлүп, балдар арасындагы кылмыштуулук, зордук зомбулук, эрте никеге туруу, баңгилик, суицид, чылым чегүү жана укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда жаш өспүрүмдөргө келечек кесиптин ээси болууда, ошол эле мамлекеттик кызматта, укук коргоо кызматтарынын багыттарын тандоодо, жаш кезекте билбестик менен жасалган ар кандай терс көрүнүштөр өз кесепетин тийгизери белгиленди.
Мындан сырткары, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түптөлгөндүгүнүн 100-жылдык мааракесине карата, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 11-Т сандуу тескемесинин талаптарына ылайык, окуучуларга прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча тематикалык лекциялар өткөрүлдү.