ЖУКЕНОВ УЛАН КОЙЧУЕВИЧ БАТКЕН ОБЛУСУТУК ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
Милициянын полковниги Жукенов Улан Койчуевич Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Улан Жукенов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп турган.
Эске сала кетсек буга чейин Баткен ОИИБди Мурат Боронов жетектеп келген, генерал Боронов Мурат Самидинович Ыссык-Көл ОИИБдин жетекчиси болуп дайындалгандыгын
Ички иштер министрлиги кабарлады.