Баткен облусунда 2023-2024-жылдагы окуу жылынын жыйынтыгы менен 9 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык менен аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Баткен облустук усулдук борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылындагы “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияcынын (ЖМА) жыйынтыгы менен орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктагандыгын маалымдаган.
Баткен облусунда “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ЖМА тестирлөөсү 2024-жылдын 14-май күнү Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде (Лейлек, Баткен райондору, Баткен, Сүлүктү шаарлары үчүн) жана Кадамжай районундагы А.Масалиев атындагы №17 орто мектебинде (Кадамжай району, Кызыл-Кыя шаары үчүн) өткөрүлдү. Ага 216 талапкер катышкан. Алардын ичинен 9 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Алардын 5өө Баткен областтык гимназия жатак – мектебинен, 2сү Лейлек №3 мектеп – гимназиясынан, 1сү Кадамжай “Семетей” лицейинен, 1сү Баткен районундагы С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназиясынан.
Талапкерлер “Алтын тамга” ЖМАны 4 милдеттүү окуу сабагы боюнча тапшырышты: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия.
Эске сала кетсек, быйыл Баткен облусунун аймагында жалпы мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 9-классты 9532 окуучу бүтүрүп жатса, алардын 236сы артыкчылык күбөлүк алышат. Ал эми 11-классты 5163 бүтүрүүчү аяктап жатса, алардын 9у «Алтын тамга» аттестатына ээ болду.