БАТКЕН: АК-САЙ АЙЫЛЫНДА КИЛЕМ ЦЕХИ ИШКЕ КИРЕТ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун Ак-Сай айылында килем цехи ишке берилүү алдында турат.
Ага Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен, 2 млн 800миң сом ажыратылган.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн, айылдагы союз маалында кондитердик цех болгон имарат капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү.
Имаратка айыл элинин сунушу менен, килем цехин куруу боюнча долбоор жазылып, жактырылган. Натыйжада СASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму бардык керектүү жабдууларын орноткон.
Цехке сырье да ишканадан даярдалат. Айылдагы малдын жүнү кабыл алынып, жууп тазалоо менен жип өндүрүлөт. Натыйжада экологиялык жактан таза, жумшак, сапаттуу, жаңы технология менен токулган килемдер даярдалат.
Бизнес жаатында “Кыргыз килеми” ишканасы өнөктөш болууда. Аталган ишкананын чеберлери учурда айылдагы 32 кыз келиндерди килем токуу боюнча окутуудан өткөрүүдө.
Муниципалдык ишкана жакынкы күндөрү салтанаттуу ачылышын жасап, расмий түрдө ишке берилүүсү күтүлүүдө. Жыйынтыгында 28 адам жумуш орду менен камсыз болот.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *