Баатыр энелер – баарына тирек

Соц.тармактарда бөлүшүү

Эркин Жолчуев, Ак-Сай айылынын башчысы:  «Мен Ак-Сайды эч качан таштап  кетпеймин»

2022-жылдын 14-17-сентябрга чейин созулган каргашалуу күндөрдө жергиликтүү калк не деген түйшүктү башынан кечирди. Сабырдуу элдин санаасы санга бөлүнүп, кабыргасы кайышып, аза кайгыларын тартып турушту. Ошол күндөрдөгү оор окуялардан жергиликтүү тургундардын аза кайгысын тең бөлүшүп, окуядан кийинки ойлору менен бөлүштүк.

 

– Ак-Сай эли аябай оор жоготууга учурадык. Канчалаган үйлөр талкаланып, канчалаган айыл тургундарын жоготтук. Ак-Сайда жеке ишкердин тоок фермасын күйгүзүп, өзүн атып салышты. Мектептин кароолчусун уулу менен кошо мыкаачылык менен өлтүрүштү. Элибиздин жазы менен кургатылган тонналаган өрүктөрү күйүп жок болду. Душмандар жай тургундарга да кол салып, айылдагы мектеп, бала бакча, чек ара заставаларына чейин талкалап жок кылышты. Капчыгай айылын толугу менен өрттөп салышты. Окуя башталган күнү бактыга жараша жаш балдарды, кары-картаңдарды жана аялдарды коопсуз жайларга эвакуацияладык.

Менин дагы үйүм толугу менен өрттөлдү. Эч нерсеси калган жок. Эми биздин корко турган жерибиз жок. Ошондой болсо да духтан түшпөймүн. Үйүбүздү күйгүзсө да, элибизди-жерибизди бербейбиз. Тажиктар ойлобосун күйгүзүп, кыргыздардын жерин басып алабыз деп. Кыргыздын эч качан духу өлбөйт. Күйгүзмөктөн күйгүзсө да, мен бул жерди, Ак-Сайды таштап эч жакка кетпеймин. Бир күн Аллах Таала да буларга көргөзө турган күн келет. Биз эч качан бул ата-бабаларыбыздан калган жерди тажиктерге бербейбиз.

Бийлик башында тургандарга күч-кубат, ыйман, ынсап берсин. Мамлекет башчыбыз акыркы мезгилде Ак-Сайга социалдык маселелер боюнча жакшы көңүл буруп жатат. Ошондой болсо да, биринчи кезекте чек араны тактап, зымды тартыш керек. Антпесе айылды калыбына келтирсе, дагы курулган үйлөрдү күйгүзбөйт деп ким кепилдик бере алат.

 

Шамшидин Жарматов, Кара-Бак айылынын тургуну:«Үйүбүздү күйгүзсө да, жерибизди бербейбиз»

Кара-Бак айылынын күн чыгыш тарабында Тажикстандын Ляккан айылы менен чектешкен жерде, чек арада Шамшидин Жарматов жашайт. Анын үйү чек ара сызыгына өтө жакын жерде жайгашкан. Шамшидин Жарматов 16-сентябрдагы куралдуу кол салууда кантип үй-бүлөсүн куткарганын биздин кабарчыбызга айтып берди.

«Бул көчөдө биринчи эле менин үйүм жайгашкан. 16-сентябрь күнү эрте менен саат алты чамасында туруп, мал-жандыктарды карап жүргөндө октун үнү угулуп калды. Мен дароо эле реакция кылып, үйдөгү балдарымды тургузуп абал жакшы эмес экенин түшүндүрдүм. Биз өзүбүз чек арада жашаган соң керектүү документтерди даяр кылып койгонбуз. Дароо бала-чакамды алып, Бужумга эжемдин үйүнө алып бардым. Кызым балдары менен ооруканада болчу, аларды чыгарып Баткенге барсам коңушулар мен тараптан эки үй өрттөнүп жатканын, бирок кимдики экенин билбейбиз деп айтышты.

Мен дароо эле билдим, менин үйүмө түшсө керек деп. Себеби жогоруда айткандай көчөнүн башында эле менин үйүм жайгашкан. Аны угуп эле Баткенден айылга келсем үйүм күйүп, чек ара кызматындагылар ушул жерде экен. Күйүп жаткан үйүмдү көргөндө аябай башкача болдум, аны сөз менен айтып жеткизе албаймын. Бирок баары Аллахтын буйругу экен.

Буга чейин майда нерселер болуп келген, 16-сентябрдан бир күн мурун бир окуя болду. Жумуштан келсем келинчегим кызым менен дарбазанын алдынан чуркап ыйлап чыгып калды. Айткандарына караганда кызым эшиктин алдына суу чачып жатса, тажиктин аскерлери жаман сөздөрдү айтып, терс көрүнүштөрдү көрсөтүшкөн. Мен бул нерсеге чыдай албай айыл өкмөтүнө, андан ары чек ара кызматына билдирдим. Ошондон кийин биздин чек ара кызматкерлери, тажик чек арасынан келип өз ара сүйлөшүүлөр болду. Мени чакырып мындан ары тажик аскерлери бул тарапка келбейт, тынч жашай бересиздер деп айткан.

Азыр үйүмдө эчтеке калган жок, баары күйүп күлгө айланды. Болгон байлыгым ушул үйдүн ичинде болчу. Бирок эң башкысы бала-чакам аман-эсен. Бул жер ата-бабам жашап өткөн жер, чек ара болсо да бул жерден кетпеймин…».

 Мекенчил агай, бар болуңуз!

Кудайкулов Сайиткул – акын, сүрөтчү, мыкты мугалим. Эрдик үчүн рахмат. Сиз турган аймактын канчалык кооптуу экенин баары эле билишпейт.

Чек арачы биздин атабыз. Эл агартуунун отличниги, Жазуучулар Союзунун мүчөсү, сүрөтчү мектепте мугалим. Мыкты багбан дагы. Лейлек районунун Арка айылында жашайт. Биз келиңиз Бишкекке бул жакта эле мугалим болуп иштейсиз деп дайыма айтабыз. Жок эч качан макул болбойт. Биз кетпейбиз, кетсек айылды тажиктер ээлеп алат жана мектепте окуучуларды окутушум керек деп болбойт. Азыр да келе бериңиздер десек дагы болбой атат жок барбайм деп. Мектепте сабакта башталат, айылды карашыбыз керек деп. Болбосо трассанын аркы бети Тажикстан коркунучтуу эки жылдан бери.

 

Баатыр энелер – баарына тирек

Жамийла Закирова:

«Биз ар дайым чек арага чеп болуп келебиз»

– Ар дайым чек арада чыр-чатак болсо, биз өз үйүбүздү, өз айылыбызды таштап чыгып кеткенге аргасыз болобуз. Ошондой болсо да, заман тынчыганда кайра барып эле ошол чек арада жашап, өз Мекенибизди сүйүп, ардактап, жашап келебиз. Биздин кошуналар, чыр салып, үйлөрүбүздү күйгүзсө да, биз жерибизди аларга бербейбиз жана Ак-Сайды таштап эч жакка кетпейбиз. Ак-Сайдын патриот аялдары биз ар дайым чек арага Баткен, кыргыз элине баарына чеп болуп келебиз. Биз кулаган күнүбүз баары жок кулайт. Баткен дагы, бардык кыргыз элим кулайт. Ар дайым жакшылыктар болсун. Заманыбыз тынч болсун.

Марапат Орозова:

«Өлсөк да, Ак-Сайдан кетпейбиз»

– Мен азыр өз айылымды Ак-Сайымды өтө сагынып турам. Беш балам бар. Балдарым дагы үйгө кетебиз деп айылдарын сагынып турушат. Биз үйүбүз күйсө да, Ак-Сайды өлсөк да, таштап кетпейбиз. Биз чек арага чеп болуп жашап келебиз. Эч качан биз өзүбүз туулуп өскөн Ата Журтубузду таштап эч жакка кетпейбиз. Биздин аскерлерибиз да биздин жерди коргоп турат. Аларга Кудайым өзү күч-кубат берсин. Биз элим-жерим деген баатырларыбыз менен сыймыктанабыз. Ар дайым жергебизде тынчтык, элим аман болсун.

Курбанжан Дооранова:

«Биз акчага эмес, тынчтыкка муктажбыз»

– Биз, чек арада жашагандар баарыбыз элим-жерим деп жашап жүрөбүз. Айылдагылар чек ара маселесинен келип чыккан келишпестиктерден улам жүрөк ооруга кабылышкандар көп. Эркектерибиздин баары жүрөк оору болуп бүттү. Кечээки болуп өткөн каргашалуу окуяда не деген кырчындай жаш уулдарыбыздын өмүрлөрү кыйылып кетти. Биз акчага муктаж эмес, биз тынчтыкка муктажбыз. Эң биринчи кезекте биз, чек ара маселеси чечилсе экен дейбиз. Балдарыбыздын келечеги кең болсун. Эч качан согуш болбосун.

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *