Ататүрк паркынын аймагындагы объектилерди демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландаштырылды
Мекемелер аралык жыйында калаа башчы Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылып, парктын аймагын мэриянын менчигине кайтаруу иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.