Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевге “Эмгек баатыры” наамы берилди. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн Улуттук “Манас” театрынын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.
Мындан тышкары:
▪️“Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы манасчы Рысбай Исаковго
▪️ Даңк медалы манасчы, “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулуна
▪️“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы төкмө акын Баян Акматовго
▪️Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы төкмө акын Изат Айдаркуловага, дастанчысы Улукбек Токтоболот уулуна ыйгарылды