Ак-Арыкка суу жеткирүү көп жылдык көйгөй болуп келген

Соц.тармактарда бөлүшүү

Канатбек Ырысов, Лейлек районунун суу чарба башкармалыгынын башчысы:

“Ак-Арыкка суу жеткирсең, ысымыңды айылдын бир көчөсүнө беребиз дегендер да болгон”

 

Лейлек районунун суугат тармактарынан көпчүлүк бөлүгү электр энергиясы менен тагыраагы насостук станциялардын жардамы менен сугарылат. Ушундан улам аталган райондо жай мезгилдеринде эгин талааларын суу менен камсыздоо чоң көйгөйлөрдү жаратып келген. Өзгөчө Кулунду өрөөнүндөгү Ак-Арык айылылынын тургундарына суу жетпей көп каражат сарптаган эгиндеринен түшүм албай да калчу.
Жаңы жетекчи Канатбек Ырысов көп жылдардан бери чечилбей келген бул маселени чечти. Эми Ак-Арык айылы эле эмес Лейлек районундагы бардык айыл аймактардагы дыйкандардын сууга болгон муктаждыктары толук канаттандырылды -дейт аталган ишкананын башчысы Канатбек Анарбаевич.
Айтмакчы Ак-Арыктагылар бул айылга деги эел суу жетпейт деп үмүт да үзүшгөн экен. Аким- губернатор менен болгон элдик жыйында аталган айылдын тургундары Канатбек Ырысовго эгер сен Ак-Арыкты агын суу менен камсыз кылсаң сенин ысымыңды айылдагы бир көчөгө коебуз деген да убада беришкен дейт.

• Канатбек Анарбаевич Лейлек районунда суугат сууга болгон муктаждыктар толук чечилди деп айттыңыз. Ошондо буга чейин Кулунду каналынан аягында жайгашкан, Ак-арык айылы дагы толук суу менен камсыз болдубу?

• Оа биз буга чейин суу агын суу жетип жетпей сепкен эгиндеринен ойдогудай түшүм ала алалбай өтө кыйналып келишкен. Ак-Арык айылына да мындана ары суу жеткиликтүү жана үзгүлтүксүз берилет. Көп жолу аталган айылга суу жетпей, эл нараазылык акцияларына чыгышып, жол тоскон убактардын баары артта калды. Себеби биз сууну үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу менен көп жылдардан бери элге көйгөй болгон маселени чечтик. Буюрса мындан ары баары жакшы болот.

• Айтмакчы сиздерде буга чейин суу пайдалануучулардын асосациясы деген уюм да бар эмес беле. Алар дыйкандарга суу жеткирип бергендиги үчүн карпжыланып турчу. Бүгүнкү күндө алардын иши кандай болуп калды?

-Туура маселе. Сиз айткандай буга чейин Суу пайдалануучулардын ассосациясы дыйкандарга суу жеткирип бергендиги үчүн дыйкандар аларды каржылап турчу. Бирок ошого карабастан ассосация өздөрүнүн милдетин так аткара албай, натыйжада эгин-талааларына сууну өз нугунда жеткире албай калышты. Ошондон кийин биз сууну пайдаланууну, дыйкандарга жеткируүну өзүбүзгө алдык. Суу ресурстарын пайдалануу жөнүндөгү Минирстрлер кабинентинин №207 токтомунун негизинде суунун баасын биз коёбуз. Биз дегенибиз райондук айыл чарба департаменти, суу чарба башкармалыгы, анти монополия менен биргеликте аким менен макулдашылып, бир гектар жерди бир жолу сугаруу үчун 500сомдон деп белгиледик. Өлкө боюнча ишке ашырылып жаткан бул жобо суу ресустарын пайдалануунун туура жолу болуп калмакчы. Мындай дегеним бизилдин борбордогу жетекчибиз Сокеев тарабынан ыкчам жана тууура кабыл алынып жаткан мына ушундай натыйжалуу чечимдер менен дыйкандарга өз убагында суу жеткирип берүү дагы көз көрнөө жакшырууда. Эми мынджа ары суу пайдалануучулардын асасацмясы деген болбойт. Алардын бардык милдеттерин биз өзүбүз аткарабыз жана баарына өзүбүз жооп беребиз.

• Ирригациялык тармактарды каржылоо, оңдон туузөө иштеери да жеңил желпи эмес. Бугунтөн башталбаса эртең кеч болуп калат. Мында йдегнибиз Лейлекте анфын ичинде арка өрөөңүндө феывраль айынын экинчи жарым жылдыгынан баштап эле джазгы талаа жумуштар ыбашталат эмеспи?

-Акыркы жылдары ирригация тармагын каржылоого мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулууда. Мурда оңдоп-түзөө иштерини баштай бергиле, анан акча которобуз деп келген болсо эми оңдоп-түзөөгө чейин эле жетиштүү каражаттарды бөлүп берүүдө. Ал үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевге жалпы эле суу чарба тармагында иштеп жаткандар ыраазычылык билдиребиз. Анткени жетиштүү акча каражаттар эле бөлүнбөстөн аймактардагы айыл чарбасын көтөрүүгө негиз болгон ирригациялык ири долбоорлорго дагы акча, заманбап техникаларды бөлүп берди.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *