Кээде 32 жолу экзамен тапшырып өтпөй калгандар болуп жатат.
“Унаа” мамлекеттик ишканасы соңку алты айдагы статистика менен бөлүштү.
2024-жылдын биринчи жарымында айдоочулук сынактан 30,6 миң адам ийгиликтүү өттү. Былтыр ушул эле мезгил аралыгында 26,3 миң адам күбөлүк алган.
▪️ 15 миң 653 адам сынактан дароо өткөн
▪️ 7 242 адам экинчисинде ийгиликке жеткен
▪️ 3646 жаран үчүнчү аракетинде күбөлүк алган
▪️ 4088 талапкер экзаменди төрт жана андан көп жолу тапшырууга мажбур болгон