Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1–2-класстарга электрондук каттоонун экинчи баскычы башталды. Бул этапта ата-энелер балдарын бош орун калган каалаган мектепке каттата алышат.
Каттоо
mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Министрлик ата-энелер, айрыкча эртең мененки саат 9:00дөн 11:00гө чейин, сайтка активдүү киришерин белгилеп, бул убакта системанын иштөөсүндө убактылуу техникалык тоскоолдуктар болушу мүмкүн экенин эскертти.
Министрлик жарандарды мындай жагдайларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.