"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргызстанда 1–2-класстарга электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1–2-класстарга электрондук каттоонун экинчи баскычы башталды. Бул этапта ата-энелер балдарын бош орун калган каалаган мектепке каттата алышат.
Каттоо mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Министрлик ата-энелер, айрыкча эртең мененки саат 9:00дөн 11:00гө чейин, сайтка активдүү киришерин белгилеп, бул убакта системанын иштөөсүндө убактылуу техникалык тоскоолдуктар болушу мүмкүн экенин эскертти.
Министрлик жарандарды мындай жагдайларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version