Баткенде ИИМ кызматкерлери тесттен өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери жана бөлүм, кызмат башчылары жол коопсуздугун камсыздоодо үлгүлүү болуу жана өздөрүнүн билим деңгээлин текшерүү максатында атайын тестирлөөдөн өтүштү.
Иш-чараны Баткен ОИИБдин Кадрлар бөлүмү уюштуруп, анда катышуучуларга 40 жол белгиси көрсөтүлүп, алардын так жана туура аталыштарын айтууга тапшырма берилди. Бул тест жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү болгон жол белгилерин жакшы өздөштүрүүгө жана иш жүзүндө туура пайдаланууга багытталган.
Мындай билим берүүчү тесттер ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана калк арасында үлгү болууга шарт түзөт.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *