ТҮБӨЛҮК ДОСТУК ҮЧҮН ХУДЖАНДДА ДЕКЛАРАЦИЯГА КОЛ КОЮЛДУ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити тууралуу келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду.
Мамлекет башчылары аталган келишимдер өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо маанисин, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогду жана натыйжалуу кызматташтыкты чыңдоого багытталгандыгын баса белгилешти.
Жетишилген макулдашуулар өз ара ишенимди бекемдеп, региондогу туруктуулукту сактоого жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ошондой эле, үч өлкөнүн лидерлери үч мамлекеттин чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чара Худжанд шаарынан видеоконференция аркылуу өткөрүлдү.
Аземдин жүрүшүндө президенттер бир убакта атайын баскычка басышып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Тажикстан жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министрлеринин орун басарлары лентаны кесип, стеланы расмий ачышты.
Стела элдердин достугун жана чек ара маселелеринин толук чечилүүсүн символдойт. Бул үч өлкө ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун баштоо белги болуп саналат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *