Кызыл-Кыяда ишкерлерлин укуктарын коргоо багытында жыйын өткөрүлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

2025-жылдын 26-мартында Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы, мэриясы жана шаардык салык кызматы биргеликте ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга шаар мэринин биринчи орун басары Ж. Курбанов, Кызыл-Кыя шаарынын прокурору Б. Өмүрканов, шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Б. Мамасалиев, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты.

Жыйындын негизги максаты ишкерлерге төмөнкү маселелер боюнча кеңири маалымат берүү болгон:

Мыйзамсыз текшерүүлөргө кандай чара көрүү керек;

Уруксаттар жана лицензияларды алуу процессин түшүндүрүү;

Коррупциядан жана өзүм билемдиктен коргонуу жолдору.

Ишкердик субъектилеринин укуктары бузулса, кайда кайрылууга болот?

Эгерде ишкер катары сиздин укуктарыңыз бузулса, төмөнкү жолдор менен жардам алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар:

1. Ишеним телефондору
Ар бир прокуратурада ишеним телефондору иштейт, алар аркылуу сиз мыйзам бузулуулары тууралуу билдирсеңиз болот. Телефон номерлерин Башкы прокуратуранын расмий сайтынан же жергиликтүү прокуратуралардан алсаңыз болот.

2. “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси
Прокуратура органдарына ыкчам кайрылуу үчүн “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемесин колдонсоңуз болот. Тиркеме iOS жана Android түзмөктөрү үчүн жеткиликтүү.

3. Жекече кайрылуу
Сиз жакынкы прокуратурага барып, арыз жазып, керектүү документтерди тапшыра аласыз.

4. Онлайн кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына кирип, электрондук кайрылуу формасын толтуруңуз.

 

ПАЙДАЛУУ БАЙЛАНЫШТАР:

Ишеним телефондору: Номерлерди жергиликтүү прокуратуралардан же Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сайтынан алсаңыз болот – prokuror.kg.

“Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси: App Store же Google Play тиркемелеринен жүктөп алыңыз.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайты: www.prokuror.kg.

Эсиңизде болсун!
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы сиздин укуктарыңызды жана кызыкчылыктарыңызды коргоого дайым даяр.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *