“Ибадат эне” диний окуу борборунда “Кыргыздын улуттук кийимдерин жана эзелтен келе жаткан каада-салттарды жаңыртуу” аттуу маданий иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу окуу борборунун бөлүм башчысы Гүлнара Жолболдуева билдирүү жасады.
Иш-чарага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен районунун жана шаарынын баш имам хатиби Сайдахмат ажы Аппазов, “Ибадат эне” окуу борборунун сабак алчулары жана устаздар катышты.
Маданий саамалыктын алкагында баланы бешикке бөлөө, энелердин улуттук кийимдеринин мааниси жана улуттук баш кийимдердин тарыхы тууралуу маалыматтар берилди.
Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров: “Кыргыздын улуттук кийимдери ислам дининде, анын ичинде ханафий мазхабында, ар бир мусулманга шариятка ылайык келет. Эзелтен ата-бабаларыбыз улуттук кийимдерди кийип, исламдын талаптарын сактап жүрүшкөн. Муну азыркы жаштарга жайылтуу абдан маанилүү” деп билдирди.
Иш-чаранын максаты – кыргыздын улуттук кийимдерин жана унутулуп бара жаткан каада-салттарды кайрадан жандандырып, пропагандалоо.



