2025-жылдын 12-февралында чек арачылар Лейлек районундагы “Кулунду” заставасынын “Мал базар” жергилигине байкоо жүргүзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын аймагынан Тажик Республикасынын аймагына 2 баш уй өтүп кетип жатканы байкалган. Чек арачылар жетип барган учурда, 1 баш уй коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткен, 1 баш уй кармалган.
“Интернационал” айылына качып кеткен малдын ээси, КР жараны 1995- жылы туулган А.Азимов кармалган. Бул аткезчилик фактысы боюнча тийиштүү иш-кагаздар толтурулуп компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.