БАТКЕНДЕ ТОННАЛАГАН ЛИМОН ЖАНА ЖҮЗҮМ ӨРТТӨЛДҮ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусунда импорттолгон жүзүм жана лимон жок кылынды. Бул жөнүндөгү маалыматты Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык Евразия Бажы Биримдигинин аймагына бажы эрежелерин бузуу менен коштоочу документтери жок өлкөгө киргизилген лимон жана жүзүм жок кылынды.
Тагыраагы 2018,85 кг жүзүм жана 1494,51 кг лимон өрттөлдү.
Мекеме “өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамга жана ЕАЭБ бажы чек арасындагы карантиндик фитосанитардык көзөмөл эрежелерине ылайык, фитосанитардык сертификаты жок продукциялардын өлкөгө киргизүүгө тыюу салынарын эскертти.
Мыйзамга ылайык, жүк ээси жүктү кайра артка кайтаруу же жок кылуу варианттарынын бирин тандай алат.
Кармалган жүк Баткен шаарындагы катуу таштандылар полигонунда өрттөлдү.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *