Асел Ногойбаевага 17-январда үчүнчү операция жасалат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага 17-январда үчүнчү операция жасалат

Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасында билдирди.

“Келбетим акырындап калыбына келе баштады. Мага жардамын аябаган биздин жана Москванын врачтарына ыраазымын”, — деген Ногойбаева.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Аселге былтыр октябрда Москвада пластикалык операциянын биринчи этабы жасалган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.

Эске салсак, 2023-жылдын сентябрында Асел Ногойбаева Сокулуктагы үйүндө мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов тарабынан бычакталып, кулак-мурду кесилген. Эстебесов 20 жылга кесилип, Ногойбаевага компенсация катары 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *