Кызыл-Кыяда соода-сатыктагы алдамчылыкка шектелип 22 жаштагы кыз кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кадамжай районунун 32 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы ири соода борборунун биринде IPhone 11 телефонун сатууда ага белгисиз кыз 23миң сомго телефонун баалашып, банктардын биринин жасалма чек тиркемесин көрсөтүп окуя болгон жерден изин жашырып кеткендигин билдирип октябрь айынын аяк чендеринде милицияга арыз менен кайрылган.
Ошондой эле октябрь айынын аягында Кадамжай районунун 29 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы ушул эле соода борборунда iPhone 14 телефонун белгисиз кыз 62миң сомго баалашып, 10миң сом акчасын накталай берип, калган 52миң сомунун чегин көрсөтүп, изин жашырып, кийин ал чек жасалма болуп чыкканын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Бул фактылар Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш издөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү Ош облусунун Алай районунун 22 жаштагы Н.Т.аттуу тургуну экендиги аныкталып, Ош облусунан кармалып келди.
Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *