Кыргыз милициясына 100 жыл
Бүгүн, 5-ноябрда Баткен шаарында милициянын 100 жылдыгы жана 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин күнү белгиленди.


Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылдын октябрь айында түзүлүп, коомдук тартипти сактоодо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо 25 жыл ичинде бир топ оор жана кооптуу күндөрдү башынан өткөрүп, тарыхта из калтырды. Өз кесибинин чеберлери, дасыккан адис, чыгаан из кубар катары өз милдетин мекен алдында так аткарып, жоопкерчиликти сезүү менен аймактагы катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын изин суутпай эл аралык деңээлдеги кылмышкерлерди кылтакка илип, өз кесибинин адиси экенин айрым кызматкерлерибиз көрсөтө алды.
Бүгүн Кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамы Баткен шаарында белгиленип, алгач кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилип, минуталык тыныгуу жарыяланды. Андан соң, салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР ИИОнун ардагерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жер-жерлердеги ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов салтанатуу аземди ачып, Кыргыз милициясынын 100 жылдык тарыхындагы даңктуу жана тарыхый жолдордогу далай сыймыктуу көз иремемдерге токтолуп, учурдагы милиция кызматкерлеринин жетишкендиктерин баяндап өттү.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы милиция кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоодогу кызматтарындагы ийгиликтерин белгилеп, коомдо тартип сакчыларынын орду чоң экендигин, ошондой эле күнү-түнү тартипти көзөмөлдөп, коомдун сакчылыгында турган милиция кызматкеркерлерине эл ыраазы экендигин айтып өттү.

Майрам салтанатында милиция кызматкерлерин облус аймагындагы жетекчилер куттуктап жылуу сөздөрүн айтышты. Милиция кызматкерлерин куттуктап келген жетекчилер учурда милициянын орду чоң, татаал жана түйшүктүү жумуш экенине токтолуп, ар дайым тартиптин, мыйзамдын сакчылыгында турган милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип куттуктады.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кызматынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Баткен ОИИБдин сыйлыктарын жана кезектеги наамдарын алды. Ошондой эле ИИОдо кызмат өтөп азыркы күндө ардактуу эс алуудагы милициянын ардагерлерине да сыйлыктар тапшырылып, куттуктоо сөздөр айтылды.







