Буга чейин Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Кара-Жантак айылы, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен, аталган айылды Кыргызстандын курамына кошуу боюнча макулдашуу жетишилген.
Ага ылайык Кара-Жантак айылы Баткен облусунун Кадамжай шаарынын курамына кошулган.









Бүгүн аталган айылдын жашоочулары менен КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту.
Бул жолугушуу Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарынын аталган айылдагы алгачкы расмий жолугушуусу болду.
А.Алимбаев өз сөзүндө бул саамалык эки өлкө Президенттеринин зор эрки менен ишке ашып жаткан саясий чечим экенин белгилеп, саамалык эки элдин кылым карыткан кошуналык ынак мамилесинин акыбети деди.
Облус башчысы менен айылга Баткен облустук жана Кадамжай райондук мамлекеттик мекеме ишканаларынын жетекчилери да барышты.
Эл менен жолугушууда бардык тармактар боюнча суроолор,жооптор болду.
Бул күнү облус башчысы КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, азырынча айылдын 246 тургунуна кыргыз жарандыгын тастыктаган паспортторду тапшырды.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев айыл эли менен жолугушууда алар менен жакындан баарлашып,маселелерин укту.Мындан ары айыл элинин бакубат жашоосун камсыз кылуу,айылдын инфраструктурасын чыңдоо менен жетиштүү шарттарды түзүү боюнча иш аракеттер активдүү уланаарын белгиледи.
Абдикарим Алимбаев айылдын социалдык объекттерин да көрүп чыкты.
Бүгүн аталган айылдын Кыргызстан менен байланыштырган жаңы жолдун да ачылышы болду.
Узундугу 2,3 чакырым болгон жол 28млн сомго республикалык бюджеттин эсебинен курулду.Жаңы жол Кара-Жантак айыл элин Кадамжай шаары менен байланыштырат.
Кара-Жантак айылын Кыргызстанга өткөрүп алуу иш аракеттери 2017-жылдан тартып башталып,тийиштүү комиссиялар иш жүргүзүп келген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 22-декабрындагы тапшырмасына ылайык, жумушчу топ түзүлүп, натыйжада Кара-Жантак айылынын тургундарынын жана турак жайларынын санын тактоо, социалдык объектилердин абалын кароо, инфраструктурасын жакшыртуу, тургундардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер колго алынды.
Ошондой эле таза суу, сугат суу, электр энергиясы менен камсыздоо,жол, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин уюштуруу каралган.















