Ипотекага кантип турак жай алса болот?

Соц.тармактарда бөлүшүү

 

Баткен шаарына 15-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Калкты тейлөө бөлүмүнүн адистери келип, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Турак жай» программасы туурасында кеңири маалымат бере башташты.

Маалымат берүүнүн алгачкы күнүндө эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкери Чыныбек уулу Кубанычбек кайрылган шаар тургундарынын суроолоруна жооп берди. Алар негизинен Мамлекеттик ипотекалык компанияга арыз берүү, катталуу жолу, ипотека механизмдери аркылуу турак жай алуу боюнча суроолорун беришти.

Үч күнгө созулган бул маалыматтык кампанияда шаар тургундары өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берип, ипотекалык үйлөрдү алуу боюнча кеңири маалымат алса болот.

Толук маалымат алууну каалаган жарандар үчүн аталган компаниянын кызматкерлери Баткен шаардык мэриясында 16, 17-октябрь күндөрү саат 9:00дөн кечки саат 18:00гө чейин (12:30-13:30 – түшкү тыныгуу) жарандарды кабыл алып, бардык суроолоруна жооп беришет.

Эске сала кетсек, 12-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, бүгүн Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салган. Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы “Асман резиденс №1” турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүнкурулушу пландалган. Батирлердин жалпы саны 2364. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7 гектар. Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *