Кутман таң, окурман! Ал-жайыңыз жакшыбы?
Жумушка жөнөдүңүзбү, окууга шашып атасызбы? Кандай болгон күндө да сыртка жылуу кийинип чыгыңыз. Анткени бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаап, үшүк жүрүшү божомолдонду.
Бүгүн, 16-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кар жаайт, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Абанын температурасы Чүйдө 3…8, Талас облусунда 1…6, Нарын өрөөнүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 9…14, Ысык-Көл жеринде 6…11, борбор шаардп 5…7, Ош шаарында 12…14 градусту көрсөтөт.