Баткен облусунда милиция кесибин аркалаган жылдыздуу жубайлардын арасында “Баатыр эне” орденин алган погончон айым дагы бар.
Милиция – ар-намыстуу, түйшүктүү кесип. Мекендин ички коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо бул ар бир милиция кызматкеринин милдети. Мына ушундай милдетти Баткен облусунда 9 жылдыздуу жубайлар биргеликте аткарып келишет.

Алардын ар бирине токтолуп кетсек:
1. Баткен ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча улук аймактык тескөөчүсү милициянын майору Бектурсунова Гүлзат жана анын өмүрлүк жолдошу Баткен РИИБдин тергөө тобунун тергөөчүсү милициянын майору Нажимидинов Алмазбек. Милициянын майору Гүлзат Бектурсунова жакында эле Баткен шаарынын мэринин колунан “Баатыр эне” ордени менен сыйланды.
2. Баткен ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын майору Абдибалиева Нуржамал жана жолдошу КР ИИМдин ИА 7707 Аскер бөлүмүнүн кампа башчысы улук прапорщик Амирбеков Мурзабек экөө учурда 5 баланы тарбиялоодо.
3. Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын майору Шадыбекова Токтокан жана анын турмуш жолдошу Баткен РИИБдин “Касым Шадыбеков” атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын ага лейтенанты Мунарбек Кудайбердиев менен биргеликте 3 кызды чоңойтууда.
4. Лейлек РИИБдин маалымат технологиялар тобунун тескөөчүсү милициянын майору Жееналиева Бегимай жана анын жолдошу Лейлек РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны Садыков Азамат. Учурда бул үй-бүлө 4 баланы чоңойтуп тарбиялоодо.
5. Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүсү милициянын капитаны Жаназакова Айнура жана анын жолдошу Кызыл-Кыя ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары милициянын капитаны Примов Алмазбек. 3 баланын апасы Жаназаков Айнура учурда бала багуу өргүүдө.
6. Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө тобунун тергөөчүсү милициянын лейтенанты Талант кызы Рахат жана анын өмүрлүк жолдошу Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкери милициянын лейтенанты Эркинбек уулу Санжар. Талант кызы Рахат бир баланын апасы, учурда бала багуу боюнча өргүүдө.
7. Сүлүктү ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчү милициянын лейтенанты Сатыбалдыева Айтгүл жана анын өмүрлүк жолдошу Лейлек РИИБдин Катраң айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны Буриев Алишер. Бул жубайлар бир уулдун ата-энеси.
8. Лейлек РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Кадырова Бегайым менен анын жолдошу Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү милициянын лейтенанты Эргешов Муса экөө №13 административдик аймактагы Ак-Босого милициянын аймактык пунктунда жашап иш алып барышат.
9. Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Шерова Диана жана анын жолдошу Лейлек РИИБдин ЭККнын улук эксперти милициянын улук лейтенанты Шамуратов Сыймыкбек.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы







