“Тарыхый окуялар” сериясындагы “Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл” күмүш монетанын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоону чагылдырган 100 саны, алдында ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн.
Арткы бетинде гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. Монетанын номиналы — 10 сом.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сомдон сатылат.