Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берген муниципалдык мал базардын курулушу аяктады.
Учурда бастырмаларды куруу, астына асфальт төшөө иштери аяктап, административдик жана чарбалык имараттар курулуп, таза суу түтүктөрүн жана электр чубалгыларын тартуу, жарыктандыруу, базарга кирүү жана чыгуу жолдору жасалып, айланасы бетон тосмолору менен тосулду.
Курулушка жалпы 26 млн сом жумшалган.




Тагыраагы Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 500,0 млн сомдун эсебинен 15 млн сом, Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 6 млн 700 миң сом жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 654 миң сом каржыланды.
Бүгүнкү күндө пайдаланууга берүү алдында турат.
Негизи “Муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн мэриядан 6,0 га жер ажыратылып, долбоорго ылайык алдыда бул аймакта унаа базар, чөп базар, дыйкан базар жана унаа токтоочу жайлардын курулушу да пландалган.






